Бишкекте 11 жаштагы окуучуну түшүрбөй койгон автобустун айдоочусу иштен алынат

Бишкекте 11 жаштагы окуучуну түшүрбөй койгон автобустун айдоочусу иштен алынат.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаа башкармалыгына

шаар тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, баласы жолго деген

акчасын жоготуп, жол киресин төлөй албай калган. Автобустун айдоочусу

керектүү аялдамадан окуучуну түшүрбөй, үйүнөн алыс жайгашкан айылдан түшүргөн.

Ал үйүнө кечинде жөө келген. Автобуста орнотулган камеранын жардамы менен

коомдук унаанын айдоочусу такталып, балага жасаган орой мамилеси аныкталды.