Түркияда эс алуучулар акуланы швабра менен кубалашты

Түркиянын Мармарис курортунун пляжында эс алуучулар акулалардан коргонуунун оригиналдуу жолун ойлоп табышты.

Бир нече туристтер сууда сүзүү аянтынан акулаларды байкашкан.

Алардын биринин колунда швабра бар эле жана ал аны менен чакырылбаган конокту ура баштаган.

Ошентип жандыктын чабуулунун мизи кайтарылды.

Бирок аз убакыт өткөндөн кийин шаар бийлиги бул жер ортолук деңизинин таптакыр зыянсыз балыгы экенин түшүндүрүп, туристтерди мындан ары пляжга швабра менен келбөөнү суранышты.