Бишкекте 1 миң 500дөй мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте 1 миң 500дөй мыйзамсыз объект алынды.

Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция 4 миң 696 объектини текшерди.

“Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган.

Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча 285 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 2 млн 282 миң сомду түздү.

Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү желим, синтетикалык калдыктар жана тыюу салынган заттарды күйгүзбөө максатында 155 чарба субъекттерин текшеришти.

Жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы боюнча 16 миң сом суммасында 196 протокол түзүлдү”, — деди ал.

Абдыкадыров жерди пайдаланууну контролдоо боюнча объекттердин ээлерине 474 билдирүү берилип, 1 миң 469 объект бузулганын кошумчалады.