Түркия: Кахраманмарашта Кыргызстандын талаа госпиталы иштеп жатат

Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын талаа госпиталы иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ал жерге күнү-түнү ар кандай жараат алган, зилзаладан кийин уйкусу бузулган, депрессияга кабылган тургундар келүүдө.

Талаа госпиталында жети адамдан түзүлгөн дарыгерлер тобу иш алып барууда.

Госпиталь төрт бөлмөдөн турат жана он керебет жайгаштырылган.

Эске салсак, 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында катуу жер титирөө болгон.

Зилзаладан 41 миңден ашуун адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды