Франциялык миллиардер Интернеттин айынан учагын сатууну чечти

Франциялык миллиардер Бернар Арно Интернеттин айынан учагын сатууну чечти.

Социалдык тармактарда Арнонун ар бир учуп-конуусуна көз салган аккаунттар пайда болгондон кийин ишкер учактан кутулууну көздөп жатат.

Ал эми соцтармак колдонуучулары бай-манаптардын кылык-жоругунан планетанын атмосферасы канчалык булганып жатканын көрсөткүсү келген.