Ош шаарына таза суу кечке чейин берилет деп күтүлүүдө.
Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, учурда калкты суу менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
Сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесине төрт атайын техника тартылган.
Эске салсак, Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу суу берүү бүгүн токтотулган.