Түркия менен Сирияда зилзалада мерт болгондордун саны 12 миңден ашты

Түркия менен Сирияда зилзаладан мерт болгондордун саны 12 миңден ашты.

Эл аралык маалымат агенттиктеринин билдиришинче дагы миңдеген адам жараат алды.

Куткаруучулар уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү азайып баратканын айтышууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн. Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу катуу жер силкинген.

Зилзалада бир канча шаар-кыштак талкаланды.