Кочкор районундагы Туз айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Кочкор районундагы Туз айылында жаңы мектептин курулушу башталды.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорун жалпы суммасы  59 миллион сомду түзөт.

Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Жаңы мектеп пайдаланууга

берилгенден кийин, окуучулар баардык шарттар менен камсыз болушат.