Түштүк облустарда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,
жердин силкинүүсү түндө Ошто 4,5 баллга, ал эми Баткенде 4 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок.
Белгилеп кетсек, зилзаланын очогу Тажикстанда жайгашып, анда күчү 6,5 баллга жеткен.