Бишкекте дагы 2 күн жылуу болуп, андан соң суук кайтат
Бишкекте дагы 2 күн жылуу болуп, андан соң суук кайтат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада аба табы 3 градуска дейре жылыйт. Эртең андан дагы жылуу болушу күтүлөт — +9 градус. Бирок бейшембиде Бишкекте суук болуп, кар жаайт. Мындай аба-ырайы дээрлик 23-декабрга чейин созулат.