Бишкектеги суук 22-январда кайтат. Бул тууралуу синоптиктер билдирет

Бишкектеги суук 22-январда кайтат. Бул тууралуу синоптиктер билдирет. Алар белгилешкендей, бүгүн түндө термометр мамычалары -8ге чейин түшүп, кар жаайт. Эртең күн бою асманды булут каптайт. Кар түнгө чейин токтобой тынымсыз жаашы күтүлүүдө. Ал эми жумадан баштап шаардыктарды ачык аба-ырайы сүйүндүрөт. А бирок суук кийинки шейшембиден… Кененирээк…

Шашылыш билдирүү

Шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен novosti.kg ге билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болууда. Буга байланыштуу ведомство, шаар тургундарын этият болууга чакырат. Айдоочулар унааларын бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпошу зарыл.

Ушул айдын аягына чейин өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы тууралуу синоптиктер маалымат таратат

Ушул айдын аягына чейин өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы тууралуу синоптиктер маалымат таратат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, республиканын түндүгүндө күндүз температура -3төн +10го чейин жогоруласа, түнкүсүн термометр мамычалары -13кө чейин түшөт. Ал эми өлкөнүн түштүк облустарында температура күндүз +11ге чейин жогорулашы күтүлөт, түнкүсүн -7ге чейин төмөндөйт. Синоптиктер… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бүгүн Бишкекке жана Чүй облусунун айрым аймактарына калың туман түшөт. Туман түнү бою кармалат. Көрүү деңгээли 500 метрге чейин гана жеткендиктен, айдоочуларга этият болуу сунушталат.   Жөө жүрүүчүлөр дагы жолду тиешелүү тилкелерден гана өтүшү керек.

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады.   Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорултпай жүрүү кажет. Жөө жүрүүчүлөр болсо, жолду тиешелүү тилкелерден гана, светофордун кызыл түсүнө… Кененирээк…

Бишкектеги өзгөрмө аба-ырайы чатырлардагы муздардын түшүүсүнө алып келүүдө

Бишкектеги өзгөрмө аба-ырайы чатырлардагы муздардын түшүүсүнө алып келүүдө. Мындай кырдаал олуттуу жаракаттарга себеп боло турганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.  Куткаруучулар жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Жарандарга дубалдарга жакын баспоо сунушталат. Ал эми өзгөчө көңүл балдардын коопсуздугуна бөлүнүшү керек.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар массалары түшүшүшү күтүлөт. Айдоочулар өзгөчө этият болуп, унаалар аралык 500 метрди сакташы кажет.

Бүгүн Кыргызстанда  туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Кыргызстанда  туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүлөрү пайда болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 20 метрге жетет. Мындай аба-ырайынан улам айдоочулар жол эрежелерин сактап, каршы тилкеге чыкпай, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүсү зарыл.

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат. Дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу шарт. Ал эми алыскы сапарга чыккандар жанына тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүшү керек. Белгилеп кетсек, учурда “Сосновка” унаа өткөрүү түйүнү жол тазалоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.

Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан тазалоону улантууда

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан тазалоону улантууда. Көчөлөргө 600 тоннадан ашык техникалык туз чачылды. Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Мындан тышкары, 800дөн ашык кызматкер жолдорду кардан арылтышууда. Кар жааган күндөрү машиналар көчөнүн боюнда токтоп турган маалда кызматкерлер жолду тазалай албай калышат. Андыктан… Кененирээк…