Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды

Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды.   Синоптиктердин маалыматына ылайык кечээ, 15-майда ордо калаада аба 34,5 градуска чейин көтөрүлдү. Ага ылайык, орточо суткалык температура нормадан 9 градуска ашты.   Белгилеп кетсек, 15-майдагы эң ысык күн буга чейин 2004-жылы катталган. Анда шаардагы аба 33 градустан ашкан.

Бүгүн Бишкектин ысыгы 20 жылдык рекордду жаңыртышы мүмкүн

Бүгүн Бишкектин ысыгы 20 жылдык рекордду жаңыртышы мүмкүн. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.   Алардын маалыматына караганда, шаарда абанын температурасы климаттык нормадан 10-12 градуска жогору болуп, түшкө маал 33…34 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхындагы абсолюттук максимумга жакын.   Эске салсак, ордо калаада… Кененирээк…

Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду

Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызмат – Коперниктин маалыматтары тастыктайт.   Рекорддор 11 ай катары менен коюлду.   Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – казылып алынган отунду күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба… Кененирээк…

Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти

Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти.   Алсак, өлкөнүн түндүгүндө жаздын соңку айында күндүзгү температура +18ден +25 градуска чейин жетсе, түнкүсүн +4…9 градусту түзөт. Кээ бир күндөрү аба табы 35 градуска чейин ысышы мүмкүн.   Түштүк облустарда күндүзгү орточо температура +20…30ду көрсөтөт. Жаан-чачын… Кененирээк…

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-марттан 15не чейин аба-ырайы кескин өзгөрөт. Өлкөнүн басымдуу аймактарында катуу жаан жаайт.   Түндүктө аба табы -5 градуска чейин, түштүк облустарда -3 градус төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Кыргызстанда эртең кескин суук түшөт

Кыргызстанда эртең кескин суук түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Ишембиге караган түнү аймактарда -20 градуска чейин суук болот. Ал эми Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү -10 градус, түнкүсүн -18 градус суук болушу күтүлүүдө.

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. 17-февралдан 19-февралга чейин өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачын күтүлөт. Аба табы кескин төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрди түзөт.   Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот

Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада күн сайын аба табы көтөрүлүп турат.   Алсак, бүгүн 2-4 градус жылуу болсо, шаршембиде мамычалар  +10 градусту көрсөтөт.   Түнкү суук дагы бир аз кайтат. Эс алуу күндөрүнө чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Жакынкы үч күндө абанын температурасы жогорулайт

Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.   Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө.   Адистер жалпысынан декабрда аба ырайы норманын чегинде болорун белгилешүүдө.

Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат

Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, Бишкек жана Чүйдө мындай аба ырайы 16-декабрга чейин уланат.   Ал эми келе жаткан ишембиден тарта күн кайра жылыйт. Алсак, күндүз температура нөл градуска жакын болот. Жекшембиде күндүз плюс градусту көрсөтөт, түнкүсүн -3 -4кө градус гана суук… Кененирээк…