Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 60 аймактык салык органдарынын ичинен 52си «Бирдиктүү терезе» системасына кошулду. Алар ири соода борборлорунда, «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда түзүлгөн 13 сервистик борбор жана пункт иштеп жатат. Аталган системада отчетторду берүүгө, маалымкат алууга, салыктык… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектей турган мыйзам талкууланат

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектей турган мыйзам талкууланат. АКШнын эл өкүлдөрү палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси келерки жумада Дональд Трамптын АКШга кыргызстандыктардын кирүүсүн чектеген жарлыгын жокко чыгара турган мыйзам долбооруна добуш берилерин айтты. Бул тууралуу өткөн жумада маалымат тараган. Анда 7 өлкө жарандарына чектөө киргизилээри белгиленген. Трамп… Кененирээк…

Ош шаарында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт

Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жапар Осмонов билдирди. Анын айтымында, аталган топ алгачкы ирет түзүлүп жатат. Ага калаа бюджетинен 1 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле маданият кызматкерлеринин айлык маселеси учурда чечилди, — деди Осмонов.

Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн кечки саат 5ке чейин Аламүдүн, Манас, Военно-Антоновка айылдарынын айрым көчөлөрүндө жана Кант шаарынын тилкелеринде жарык жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Өткөн жылы 9 миң 300 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Өткөн жылы 9 миң 300 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат. Маалыматка караганда, 2019-жылы жалпысынан 498 миң чет элдик Россиянын жарандыгына ээ болушту. Тизменин сап башында 300 миңге жакын украиналыктар турат. Ал эми эң акырында 1,5 миң түркмөнстандыктар.

ызыл-Кыя шаарындагы мектепте окуучулар бир партага үчтөн отуруп билим алып жатышат

Кызыл-Кыя шаарындагы №2 орус-кыргыз орто мектебинде окуучулар бир партага үчтөн отуруп, билим алып жатышат. Бул тууралуу мектеп директорунун орун басары Жанета Рахманжанова “Турмуш” басылмасына билдирет. Анын айтымында 900 балага ылайык мектепте 1 миң 600 окуучу билим алышууда. Мындан улам 1 партага үчтөн окуучу отурууга аргасыз.… Кененирээк…

Кымбат шаарлардын катарында Бишкек 410-орунда

Кымбат шаарлардын катарында Бишкек 410-орунда. Эксперттер рейтинг түзүүдө кафе жана дүкөндөрдөгү бааларды эске алышты. Ошондой эле коомдук унаалардагы баа, турак-жай, коммуналдык кызматтар жана калктын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ушуну менен Бишкекте Ташкентке караганда жашоо кымбатыраак болуп чыкты. Бирок Нур-Султан жана Алматыга караганда дээрлик арзан. Дүйнөдөгү… Кененирээк…

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде. Маалыматка караганда, виртуалдуу паспорт бирдиктүү системада ишке ашат. Бул смартфондогу паспорт дегенди түшүндүрөт. Анда мамлекеттик кызматтарга, бейтапканаларга, мектепке онлайн жазылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле интернет-банкинг кызматы дагы жеткиликтүү болот. Аталган долбоор ушул жылдын апрель айында ишке кириши… Кененирээк…