Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды
Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. Бул тууралуу Көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Данияр Токторбаев билдирди. Анын айтымында, шаардагы “Ак-Ниет” аллеясына 190 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Быйыл калааны көрктөндүрүү үчүн 2 миллиондон ашык гүл, 20 миң түп ийне жалбырактуу дарак, 10 миң түп жоогазын отургузуу пландалууда.… Кененирээк…