Кыргызстанда Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы  түз каттамдарды ачуу пландалууда

Кыргызстанда Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы  түз каттамдарды ачуу пландалууда.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди. Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх – Бишкек жана  Нячанг – Бишкек сезондук рейстери кое берилет.   Андан тышкары, Ош – Ташкент, Ош… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот

Жалал-Абадда жаңы аэропорт пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жер тилкесин бөлүү суроосу чечилип жатат.   Жаңы аэробекетти куруу зарылчылыгы Жалал-Абад облусунун калкы арасында аба каттамдарга суроо-талап курч болгонуна байланыштуу келип чыкты. Ал эми учурдагы аэропортто жумасына 9 рейс аткарылат.

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, дагы бир жергиликтүү компания Ош-Тамчы-Ош багытын киргизип жатат.   Бул кошумча каттам аптасына бир ирет – жума күндөрү аткарылат. Эске салсак, буга чейин башка авиакомпания тарабынан Оштон көл жээгине учактар жумасына 6 жолу… Кененирээк…

Оштон Жидда шаарына түз аба каттамы ачылат

Оштон Жидда шаарына түз аба каттамы ачылат. Сауд арабиялык лоукостер аталган багыт боюнча рейстерди үстүбуздөгү жылдын 21-августунда аткарып баштайт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, каттам жумасына  3 жолу аткарылат.   Белгилеп кетүүчү нерсе, Ош менен Жидда шаарларынын ортосунда түз аба каттамы биринчи ирет ачылып… Кененирээк…

«Ош» эл аралык аэропортунан аткарылчу багыттар

Ушул жылдын жай мезгилинде «Ош» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат. «Манас» ААКсы каттамдардын толук тизмесин сунуштайт:   Россия “Avia Trafic Company” авиакомпаниясы: Ош-Екатеринбург-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби күнү); Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу (жекшемби күнү); Ош-Красноярск-Ош… Кененирээк…

Ташкент – Тамчы – Ташкент аба каттамы 14-июлда кое берилет

Ташкент – Тамчы – Ташкент аба каттамы 14-июлда кое берилет. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, рейстерди өзбекстандык компания аткарат.   Коңшу өлкөнүн борбор шаарынан көл жээгине учактар аптасына бир жолу – жума күндөрү каттайт.

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, Алмата-Тамчы-Алмата каттамы аптасына эки ирет – жума жана дүйшөмбү күндөрү аткарылат.   Багыт туристтик болуп жайдын аягына чейин каттайт

Ош – Сургут – Ош аба каттамынын саны көбөйтүлдү

Ош – Сургут – Ош аба каттамынын саны көбөйтүлдү. 26-июндан тарта ата мекендик авиа компания аталган багыт менен дүйшөмбү күндөрү учууларды ишке ашырат.   Буга чейин түштүк калаадан Сургутка ишемби күндөрү гана учактар каттап келген.

Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын кое берүү пландалып жатат

Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын кое берүү пландалып жатат. Азербайжандык авиакомпания 15-июлдан тарта рейстерди аткарып баштайт.   “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, учактар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттайт. Белгилеп кетсек, Азербайжан менен Кыргызстан ортосунда аба каттамы биринчи ирет ачылып… Кененирээк…

Оштон Иркутск шаарына аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү

Оштон Иркутск шаарына аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Бүгүнтөн тарта ата-мекендик авиакомпания жума күндөрү Ош – Иркутск – Ош батыгы боюнча рейстерди аткарат.   Муну менен аталган каттам аптасына 7 ирет аткарылып баштады.