Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, дагы бир жергиликтүү компания Ош-Тамчы-Ош багытын киргизип жатат.

 

Бул кошумча каттам аптасына бир ирет – жума күндөрү аткарылат. Эске салсак, буга чейин башка авиакомпания тарабынан Оштон көл жээгине учактар жумасына 6 жолу каттап келген.