Кыргызстанда Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз каттамдарды ачуу пландалууда.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди. Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх – Бишкек жана Нячанг – Бишкек сезондук рейстери кое берилет.
Андан тышкары, Ош – Ташкент, Ош – Үрүмчү, Бишкек – Чэнду каттамдарын ачуу пландалып жатат.