№31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

№31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Инженердик долбоорлоо институтунун корутундусуна ылайык, бала бакча бузулбай, ал капиталдык ондоп-түзөөдөн өтөт. Бала бакчаны калыбына келтирүү үстүбүздөгү жылы башталат. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет. Эске салсак, 2019-жылдын 26-ноябрында аталган бала бакчанын… Кененирээк…

Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту

Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту. Бул тууралуу “Акипресс” жазат. Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин кызматкерлери “карантин” деген тактайча илип балдарды кабыл алышкан эмес. Муну мэриянын Билим берүү башкармалыгы тастыктады. Анда кызматкерлердин санын көбөйтүү иштерине байланыштуу  аталган бакча иштеген жок деп түшүндүрүштү башкармалыктан. Мекеме… Кененирээк…

“Тунгуч” кичи районундагы бала бакча жазында бөбөктөрдү кабыл ала баштайт

“Тунгуч” кичи районундагы бала бакча жазында бөбөктөрдү кабыл ала баштайт. Бул тууралуу аталган бала бакчанын кызматкери Миргүл Орозалиева novosti.kg ге билдирет. Анын айтымында, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 140 орунга ылайыкташкан. Ал 2 кабаттан болуп, 5 тайпага чакталды. Андан тышкары гимнастикалык көнүгүүлөр үчүн жана музыкалык залдар… Кененирээк…

Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды

Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды. Эки кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Учурда жаңы бакчага 80 бөбөк кабыл алынды. Мындан тышкары, анда мектепке чейинки даярдоо курсун орус тилинде ачуу пландалып жатат. Курулуш иштерине жумшалган каражатты жеке ишкер бөлүп берди. Эске салсак,… Кененирээк…

Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат

Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат. Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеңилдик ала алышат. Алар буга чейин тандалган… Кененирээк…

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билиришти. Маалыматка караганда, 2 кабаттуу мектепке чейинки тарбиялоо имаратынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 45 миллион сом сарпталды. Учурда курулуш иштердин соңку этабы уланууда, жакынкы арада бала бакча пайдаланууга берилет.