Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду

Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 90 бөбөккө чакталды. Долбоордун жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашык. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Мекеме пайдаланууга 10-июнда берилет.

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет. Көптөгөн объектилер, анын ичинде мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин курулушу өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу токтотулган. Учурда иштер акырындык менен калыбына келүүдө. Күтүлгөндөй, Алайда сентябрга карата 4 бала бакча пайдаланууга берилет.

Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда

Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда. Мэриянын маалыматында, Достук кичи шаарчасындагы номер алтынчы бакчанын кошумча корпусунун пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери токтоп турган. 50 орундуу имараттын курулушу быйыл аяктайт. Долбоордун жалпы сумасы 11 жарым миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Өлкөдө кийинки айдан баштап бала бакчаларды ишке киргизүү пландалууда

Өлкөдө кийинки айдан баштап бала бакчаларды ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин ачылышы эпидемиологиялык кырдаалга жараша кабыл алынат. Эске салсак, мектепке чейинки даярдоо мекемелери июнга чейин иштебейт деп айтылган болчу. Бул мамлекеттик жана менчик түрүнө карабай барына… Кененирээк…

Өкмөттүн тизмесине кирбей калган ишмердүүлүктүн категориясы ишин бардык чектөөлөр алынгандан кийин жандантат

Өкмөттүн тизмесине кирбей калган ишмердүүлүктүн категориясы ишин бардык чектөөлөр алынгандан кийин жандантат. Кеп, бала бакчалар тууралуу болуп жатат, — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.   Анын айтымында, абал жакшырган учурда дагы алар 1-июндан тарта иштеп баштайт. А эгер эпидемиологиялык абал ага дейре жакшырбаса, андан кийин ачылышы… Кененирээк…

Эртеңден тартып Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылат

Эртеңден тартып Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылат. Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Эске салсак, өлкөдө 16-марттан баштап билим берүү мекемелери жабылган. Карантин 6-апрелге чейин созулат.

Тыныстанов көчөсүндө №193 бала бакчаны куруу иштери уланууда

Тыныстанов көчөсүндө №193 бала бакчаны куруу иштери уланууда. Учурда эң төмөнкү кабаттын курулушу аяктап калды, жумушчулар тосмону орнотуп жатышат. Анда кир жуучу жай, ашкана жана техникалык бөлмө жайгашкан. Ал эми жер үстүндөгү 2 кабатта балдар үчүн оюн жана уктоочу  бөлмөлөр, музыка жана спорт залдар пайда… Кененирээк…

Түп районундагы 60 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Чоң-Таш айыл аймагынын башчысы Сейитбек Абдылдаевдин айтымында, курулуш иштерине 3 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. 2016-жылы имараттын 2 корпусу ашар жолу менен салынганына байланыштуу кышкысын муздак болуп, жылуулук берүү системасын пайдаланууга мүмкүн болбой келген.… Кененирээк…

Ак-Суу районунун Токтогул айылында 60 орундуу бала бакча ачылат

Ак-Суу районунун Токтогул айылында 60 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына айыл өкмөт башчы Талапкер Сыдыкбеков билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөттүн имараты ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мектепке чейинки даярдоо мекемесине ыңгайлаштырылды. Буга чейин айылда бала бакча жок болчу. 52 бөбөк 3 сааттык бакчада тарбияланып келген.… Кененирээк…

Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат

Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин жылуулук берүү тармагы өткөн жумада аварияга учураган. Үзгүлтүктү оңдоо үчүн Октябрь райондук администрациясы 103 миң сом бөлүп берди. Тиешелүү кызматкерлер түтүктөрдү алмаштырышууда. Бакчага жылуулук берүү жана оңдоо иштери эртең аяктап калат.