Бишкектеги №40 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкек шаарындагы №40 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын жана тосмолорун орнотуу, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты эки кабаттуу. Жайдын аянты 2100 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин… Кененирээк…

Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат

Бишкекте 500 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүчү мекеме Чыгыш-5 кичи районунда жайгашат.   Учурда тиешелүү жер реконструкцияланып жатат.

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.   Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалды. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.   Белгилеп кетсек, шаарда мектепке чейинки 27 муниципалдык билим… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда.   Имараттын жалпы аянты 1 миң 390 чарчы метрди, ал эми жер участогунун аянты… Кененирээк…

Нарында кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпысынан аймакта мектепке чейинки билим берген дагы 69 мекеме түзүлөт.   Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат. Болгону уктоо… Кененирээк…

Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Каттоо 16-апрелден 30-апрелге чейин жүргүзүлөт.   Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттери төмөнкүдөй:   мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө… Кененирээк…

Бир жумада 40 миңден ашык бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди. Ага ылайык, бүгүн, 15-апрелге карата республика боюнча 40 миң 874 бала катталды.   Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча маалымат төмөнкүдөй:   Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, бул көрсөткүч азырынча акыркы эмес, анткени маалыматтар дагы эле келип түшүүдө.   Эске салсак, быйыл ЖРТ 17-майдан 25-майга чейин өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңдей бүтүрүүчү катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңдей бүтүрүүчү катталды. Бул тууралуу 24 агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Андан такташкандай, бул соңку жыйынтык эмес.   Тестирлөөгө бир күн калганда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Эске салсак, өлкөдө жалпы республикалык тесирлөө 17-майдан 24-майга чейин өтөт.

Келерки жылы Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Келерки жылдын май айына чейин Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, анын алкагында 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо мүмкүн болот.   Долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк жардам көрсөтөт.   Учурда өлкөдө ЮНИСЕФтин колдоосу менен 250дөй балдарды… Кененирээк…