Бишкекте 26 мектеп убактылуу онлайн окутууга өтөт

Бишкекте Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 26 мектеп онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, 18-20-май күндөрү Ленин районундагы 8 мектеп, Свердлов районундагы 6 мектеп аралыктан окуйт. Ал эми 22-24-майга чейин Биринчи Май районундагы 6 мектеп, Октябрь районунда да 6 мектептин окуучуларына… Кененирээк…

Баткен облусу боюнча үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды

Баткен облусу боюнча үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Бүгүнкү күндө 15 тайпада 400дөй бала тарбияланууда.   Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын 75%дан ашыгы бала бакчага барбайт. Ал эми Баткенде балдардын 26%ы гана мамлекеттик бала… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучулар Борбор Азия олимпиадасында 10 медалга ээ болду

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында бир алтын, үч күмүш жана алты коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинен Кыргызстандан 27 окуучу катышкан.

Жалал-Абадда 200 орундуу балдар бакчасы ачылды

Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчасы ачылды.   Атайын кызматтан маалымдашкандай, имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.   Белгиленгендей, аталган балдар бакчасын куруу… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу аяктаса, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт. Өлкө мектептериндеги “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө күндөрү аныкталды

Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү күндөрү белгиленди.   Билим берүү жана илим министрлигинен такташкандай, тестирлөө үч этапта өтөт. Биринчиси 18-20-майда, экинчиси 22-24-майда болот. Үчүнчү этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандарга 21-23-июнда болот.   Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь… Кененирээк…

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу уланууда

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 30-майга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги эскертти.   Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, эл аралык 41-Балкан математикалык олимпидасы 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өттү. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышты.

Бүгүн Кыргызстанда тогуз мектеп жана эки бала бакча ачылды

Бүгүн Кыргызстанда тогуз мектеп жана эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектептер Бишкек шаарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында ачылды. Ал эми мектепке чейинки билим берген эки мекеме Каракол шаарында… Кененирээк…

“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактары 11-майда башталат

“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактары 11-майда башталат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган окуу жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат.   Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын… Кененирээк…