Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», —… Кененирээк…

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна Алпбек Садыров директор болуп дайындалды

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна Алпбек Садыров директор болуп дайындалды. Мындай чечимди “Электр станциялары” акционердик коомунун башкы дирекциясы кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.   Алпбек Садыров буга чейин CASA-1000 долбоорунун алкагында техникалык консультант, “Улуттук электр тармактары” ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген. Бишкек… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду.   Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек. Эскерте кетсек, буга чейин… Кененирээк…

Аскарбек Жаныбеков Айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков Айыл чарба министри кызматынан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  Документте Жаныбеков жумушунан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат.   Эске салсак, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматына Тимурлан Ажымалиевди дайындады.   Дагы бир жарлыгы менен Ажымалиевди президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотту.   Буга чейинки маданият министринин биринчи орун… Кененирээк…

Көкбөрү федерациясына жаңы президент шайланды

17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анын жаңы президенти болуп Рамис Жунусалиев шайланды. Жыйында федерациянын мурдагы президенти Талас Бегалиевдин отчётун угуу жана жаңы президентти шайлоо маселеси каралган. Шайлоого катышкан 58 делегат жалгыз талапкер Жунусалиевди бир добуштан колдоду.   Жыйынга Эл аралык көкбөрү… Кененирээк…

Эрик Бейшембиев Казандагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бейшембиев Эрик Айдарканович Башкортостан Республикасынын, Марий Эл Республикасынын, Мордовия Республикасынын, Татарстан Республикасынын, Удмурт Республикасынын, Чуваш Республикасынын жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Казань шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Коргоо министрлигинде кадрдык орун алмашуулар болду

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолорду жүргүздү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Генералдык штабдын жетекчиси Эрлис Тердикбаев кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Руслан Мукамбетов Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.… Кененирээк…

Мурдагы Эмгек министри жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Ал эми ведомствонун буга чейинки жетекчиси Улан Карыпбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады.   Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Саламаттыкты сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова жана Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.   Буга чейин алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш… Кененирээк…