Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Муну менен катар ал Суу ресурстары кызматынын директорунун милдетин аткарат.

 

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, бүгүн аталган министрликте жетекчинин 3 орун басары тең кызматтан алынды.