Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду

Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

 

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду, — деп айтылат маалыматта.