Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Белгилеп кетсек, Разаков өз каалоосу менен жазган арызына ылайык иштен алынды.   Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Бир жума мурда анын ыйгарым укуктарынан инвестиция, экономика жана ЕАЭБ ишмердиги боюнча жоопкерчиликтер алынган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин Аалиев өкмөт аппаратында иштеп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү болчу.   Фонддун буга чейинки төрагасы Эркин Асрандиев вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Сооронбай Жээнбеков мас абалында рулга отурган Жалал-Абад шаарынын судьясын иштен алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызматтан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.   Буга чейин Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы президентке Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну сунуштаган. «Сунуштамада судья Эльмира Сулайманова «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын жана КР… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди колдоду. Вице-премьерликке көрсөтүлгөн Эркин Асрандиевге   99 депутат “макул” деген добуш берсе, бирөө “каршы” болду.   Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровду 100 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Асрандиев кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.   Кызматка дайындалгандан кийин… Кененирээк…

Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.   Дагы бир жарлыгы менен өлкө башчы буга чейин аталган кызматты аркалап келген Зина Асанкожоеваны жумуштан бошотту.   Белгилеп кетсек, Айгүл Рыскулова… Кененирээк…

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын аппаратынан билдиришти.   Белгилеп кетсек, Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын кызыкчылыктарын Россияда коргоп келген. Эми ал үч өлкөдө элчи болот.

Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар

Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар. Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Наргиза Мансурова дайындалды. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү.   Буга чейин Толгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болчу. Эми ал маалымат катчы катары иштейт. Назгүл Ташпаева президент… Кененирээк…

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалды

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдилатиф Жумабаев  кыргызстандыктардын укуктарын Бириккен Араб Эмираттарында коргойт.   Бекназаров буга чейин генералдык  прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Жумабаев мурда… Кененирээк…

Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Азамат Өмүрзаков иштен алынды

Бишкекте №3 мектепте жана №117 бала бакчада жылуулук системасындагы авария үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Азамат Өмүрзаков иштен алынды.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, дисциплинардык комиссия ошондой эле, анын орун басары Медетбек Анарбек уулун жана Октябрь районунун социалдык суроолор боюнча жетекчисинин орун басары Асель Кулумбаеваны кызматынан… Кененирээк…