“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Сүйүнбай Алиев дайындалды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, буга чейин бул кызматты ээлеп келген Гүлмира Шакирова иштен бошотулду.
Белгилеп кетсек, “Кыргызфармация” – өлкөдөгү дары-дармекти жеткирүүчү негизги орган болуп эсептелет. Ал өткөн жылдын март айында түзүлгөн.