Назарбек Малаев кайрадан экономика министрине орун басар болду

Назарбек Малаев экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Жаңы дайындалган министрдин орун басары бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

 

Назарбек Малаев буга чейин да экономика министринин орун басары болуп иштеген жана бул кызматтан 2023-жылы ноябрда кызматтан бошотулган.

Малаев ага чейин ЕАЭБдин координациялык башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.