Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда

Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. “Коронавирустук инфекциянын таасиринен улам балдардын кээ бир оорулары өзгөрүүдө жана биз балдардын белгилүү бир тобун ковидге каршы эмдөөнү баштоону пландап жатабыз”, — деп айтылат маалыматта. Чиновник кошумчалагандай, вирус мутацияланып… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 млн дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт

Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт. Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурила Шериева тастыктады. Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион 500 миңден ашык дозасы бар. «Анын ичинен 1,5 миллион дозанын мөөнөтү июль айында бүтөт. Азыр биз… Кененирээк…

Түркия бүгүнтөн тарта өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин талап кылбайт

Түркия бүгүнтөн тарта өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин талап кылбайт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Ички иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин Италия да 1-июндан тарта туристтер үчүн бардык коронавирус чектөөлөрүн жокко чыгарганы кабарланган.    

Иран чек ара чектөөлөрүн жеңилдетти

Иран чек ара чектөөлөрүн жеңилдетти. Эми өлкөгө эмделбеген туристтер да келе алышат. Болгону ПЦР тест талап кылынат. Адаттагыдай эле, ал сапарга чейин 72 сааттан эрте эмес жасалышы керек. Ал эми вакцина алгандар үчүн эмдөө курсун аяктагандыгы тууралуу маалымкат берсе жетиштүү. Жаңы эрежелер күчүнө кирди.

Япония май айында өлкөнү чет элдиктер үчүн ачууну чечти

Япония май айында өлкөнү чет элдиктер үчүн ачууну чечти. Бирок бул азырынча сыноо үчүн гана. Ага ылайык, Австралия, Сингапур, Таиланд жана АКШдан чакан топторго келүүгө уруксат берилет. Милдеттүү талап — толук эмдөө, камсыздандыруу жана ПЦР тесттен өтүү. Турларды пландаштырып, топторду жөнөтүүнү агенттиктер колго алат, ал… Кененирээк…

ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот

ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот. Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришкендей, система тесттик режимде ишке киргизилди. Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгын Ilab.med.kg сайтынан бериле турган күнү кечки саат 6дан тарта электрондук түрдө пайдаланууга болот.

Коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбай турган болду

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбай турган болду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен байланыштуу. “Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо статистикалык маалыматтар кайра бериле баштайт”, — деп айтылат маалыматта.

Япониянын тургундарына көчөдө беткапсыз жүрүүгө уруксат берилиши күтүлүүдө

Япониянын тургундарына көчөдө беткапсыз жүрүүгө уруксат берилиши күтүлүүдө. Бирок бийлик өкүлдөрү белгилегендей, бул адамдардын ортосунда жетиштүү аралык болгондо гана мүмкүн болот. Белгилеп кетсек, Япония пандемиянын эки жылында биринчи жолу мындай жеңилдикке жол берүүдө.

Кыргызстанда май-июнь айларында коронавирустун кезектеги толкуну башталышы мүмкүн

Кыргызстанда май-июнь айларында коронавирустун кезектеги толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Белгилеп кетсек, өлкөдө акыркы убакта вирус басаңдап, ооруну жуктургандар жок болуп калган.   Ооруканаларда да илдеттен дарыланып жаткандар калган эмес. Вирустан сактануунун эң эле майнаптуу жолу — эмдөө.   Жайкы толкунда оорубаш… Кененирээк…

Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн

Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Учурда полиция тарабынан кармалган Магдебургдук 60 жаштагы киши вакцинаны Саксония федералдык штатындагы эмдөө борборлорунда бир нече айдын ичинде алган. Немис Эйленбург шаарындагы медициналык борборунда кармалган. Препараттын кезектеги дозасы үчүн ал ошол эле жерге… Кененирээк…