Япония май айында өлкөнү чет элдиктер үчүн ачууну чечти

Япония май айында өлкөнү чет элдиктер үчүн ачууну чечти.

Бирок бул азырынча сыноо үчүн гана.

Ага ылайык, Австралия, Сингапур, Таиланд жана АКШдан чакан топторго келүүгө уруксат берилет.

Милдеттүү талап — толук эмдөө, камсыздандыруу жана ПЦР тесттен өтүү.

Турларды пландаштырып, топторду жөнөтүүнү агенттиктер колго алат, ал эми Япония туристтерди тынымсыз коштоп жүрөт.

Муну менен бийлик ден соолук жана коопсуздук протоколдорунун сакталышын текшергиси келет.

Эгер эксперимент ийгиликтүү өтсө, жай айларында өлкө чек арасын толук ачышы мүмкүн.