Коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбай турган болду

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбай турган болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен байланыштуу.

“Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо статистикалык маалыматтар кайра бериле баштайт”, — деп айтылат маалыматта.