Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 млн дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт

Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт.

Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурила Шериева тастыктады.

Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион 500 миңден ашык дозасы бар.

«Анын ичинен 1,5 миллион дозанын мөөнөтү июль айында бүтөт.

Азыр биз күн сайын 500дөн 1000ге чейин адамды эмдейбиз.

Көптөгөн вакциналар гуманитардык линия аркылуу сактоо мөөнөтү кыска убакыт менен келген”, — деди Шериева.