Башка өлкөлөрдөгү Кыргызстан жарандары арасында вируска чалдыккандар жок

Башка өлкөлөрдөгү Кыргызстан жарандары арасында вируска чалдыккандар жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, учурда вирус дүйнөнүн 90го жакын өлкөсүндө катталды. Эпидемиологиялык абалы жакшы эмес өлкөлөрдөн келгенин жашырып, өлкө чек арасынан ID-карта менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар мыйзам чегинде жоопко тартылышы мүмкүн.… Кененирээк…

Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт

Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим коронавирус кооптуулугунан улам кабыл алынды.   Буга байланыштуу 9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат

  Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат. Ведомство жетекчисинин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, тойлорго тыюу салынбайт, бирок көп элди бир жерге чогултуу сунушталбайт.   Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну чакырат, аларга – форумдар, семинарлар жана спорттук мелдештер дагы… Кененирээк…

Улуттук филармония карантинге жабылды

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды. Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастады. Ага ылайык, пландалган бардык иш-чаралар токтотулду.   Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын… Кененирээк…

Кытайдын тургуну коронавирустан коргонуу чараларын көрүп, аша чаап алды

Кытайдын тургуну коронавирустан коргонуу чараларын көрүп, аша чаап алды. Аял акчаны дезинфекциядан өткөрүү максатында 430 долларды микро толкундуу мешке салып койгон. Купюралар дароо эле күйүп кетти.   Бактыга жараша, алардын сериляык номурлары жабыркаган эмес. Андыктан, банктан акчаны алмаштырып беришти.

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, алар Азербайжан менен Түркмөнстан коронавирустун айынан чек араларын жаап салгандыктан, Ирандан чыга албай калышты.   Учурда ведомство жарандарды мекенине кайтаруунун ар кандай жолдорун карап жатат. Социалдык тармактарда тараган… Кененирээк…

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди. Алар 2 жумалык карантинге алынды, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 5-мартта Сеул-Алмата каттамы менен 197 адам келди, анын 21 кыргызстандыктар.   Абалдары канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, Түштүк Кореяда 6 миң 300 адам коронавирусту жуктуруп алганы айтылууда.