Ошто 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ош шаарынан 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ш. аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

 

Билдирүү маалыматтарды каттоо журналына тиркелип, иликтөө башталган.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусундагы мектептердин биринин мугалими Ш. нын көптөн бери баңгизат таратуу менен алектенип келери аныкталган.

Ыкчам чаралардын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте 1993-жылы туулган Р. Ш.ны 1 кг «гашиш» баңгизатын өткөрүүгө аракет кылып жатканда кармап алышкан.

 

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголуп, шектүү Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.