Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды.   Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн УБнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын М.Б.У. аттуу жаранына 17 мин 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталды

Бишкекте өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан эки окуучу аныкталганын бүгүн 15-ноябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кечээ эки бала Макиш Койбагаров атындагы көчөдө жайгашкан мектептин ичине бомба коюлганы жөнүндө маалыматты мугалимдердин бирине телефон аркылуу жөнөтүшкөн жана жарым саат ичинде имараттан… Кененирээк…

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан чет өлкөлүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Контрабандага шек саналган адам “Манас” эл аралык аэропортунда колго түшкөнү маалымдалды.   Мекеме чет элдик жеке ишкерлер алтын куймаларын аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушканын кошумчалады.

2000 доллар пара алды деп шектелген Ленин райсотунун судьясы камакка алынды

 УКМК ишти оң жагына чечип берем деп 2000 доллар пара талап кылууга шектелген Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун К.Н.Т. аттуу судьясы Соттор кеңешинин чечиминин негизинде камакка алынганын кабарлады. Аталган судья ушул жылдын апрелинде колго түшүрүлүп, иш козголгон. УКМК тараткан маалыматта акча алууда ортомчу болгон судьянын консультанты… Кененирээк…

Бишкектин башкы архитектору Карыбаев үй камагына чыкты

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүп, 10-октябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду. Маалыматта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” 12-октябрда ырастады.   Соттун чечимине ылайык, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.   Буга чейин райондук сот Карыбаевдин бөгөт чарасын 6-октябрда… Кененирээк…

Мас абалда кызматтык машинеде жүргөн милиция кызматкерлери иштен алынды

Ысык-Көл облусунда туристтик экологиялык милиция кызматкерлери мас абалда кызматтык автоунаада жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Натыйжада эки милиционер иштен кеткенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.     «Ысык Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал чечим чыгарылды. Кызматтык иликтөөдө… Кененирээк…

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомдой каржылык бузуу табылды

Эсептөө палатасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталган мекеме аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгындагы (төрт жыл) бюджетинин сарпталышын текшерген. «Анда бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом; мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом; эсеп… Кененирээк…

Ошто бир милиционер кармалып, үчөөнө издөө жарыяланды

Ошто уюшуп алып ири суммада пара талап кылган милиционерлер аныкталганын, алардын бири кармалып, үчөөнө издөө жарыяланганын бүгүн 29-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин… Кененирээк…

Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн

Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин комитети мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.   Документ республикада, өзгөчө айыл жеринде мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу же азайтуу максатында иштелип чыккан.   Мыйзам кылмыштуу топтун курамында жана уюшкан топ тарабынан өзгөчө ири… Кененирээк…

Бишкекте бир жуманын ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды

Жаңы окуу жылы башталбай жатып Бишкекте төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.   Кылмышка шектүү окуучуну башка мектепке которуу маселесин оң жагына чечип берем деп 5 миң сом алгандыгы айтылат. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. УКМК президенттин жарлыгына ылайык,… Кененирээк…