Кыргызстанда былтыр каржы пирамидасынан 350дөн ашык адам жабыркаган

Кыргызстанда былтыркы жыл ичинде жалпы 350дөн ашык адам жабыркаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

«Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталса, калгандары Чүй, Баткен жана Талас облустарында аныкталган. Фактыларды талдай келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденддерди убада кылган «кайрымдууларга» акча берип алданып келет», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ алдамчылар адатта жакшы манипуляторлор экенин жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү биле турганын кошумчалады.