Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасы районунда ок атылды. Травматология жана илим-изилдөө борборуна ок тийген үч киши кайрылды. Бул тууралуу нөөмөттөгү дарыгер билдирди. Белгилеп кетсек, кечээ кечинде Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, төрт унаа жабыркады. Ошондой эле атышуу болгон жерден гильзалар табылды. Аталган факты кылмыштар жана… Кененирээк…

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда 200гө жакын сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты. Президентке берилген маалымат боюнча, акыркы 2 жылда Тартип комиссиясы 190 сот кызматкерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл… Кененирээк…

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милиция башчысы кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенип жатат. Эске салсак, 7-декабрда Ысык-Ата районунда жеңил машине айдап бараткан Чойбеков жүк ташуучу унаа менен бетме-бет абалда кагышкан.… Кененирээк…

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту чыгарды. Андан тышкары мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт, — деп өкүмдө айтылды. Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча… Кененирээк…

Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды

Бишкекте чак түштө асманга ок аткан эркек кармалды. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ Айтматов проспектинде Тойота Камринин айдоочусу айнектен курал чыгарып, асманга аткан.   Издөө жарыяланып,  23 жаштагы эркек кармалды. Ага карата “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Кармалган адамдан «МР-371»… Кененирээк…

Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды

Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочулар кылмышты жашыруу үчүн же «Коопсуз шаардын» айып пулунан качуу үчүн унааларына жасалма номур тагып алышат. Мындай учурларда 30 миң сомго чейин айып салынат. 768… Кененирээк…