Салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды

Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

 

Алынган маалыматка ылайык, Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом пара талап кылган.

 

Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, 20-декабрда 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. кармалган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөсүнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акча каражаты табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.