Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концерт өтөт
Мэриядан билдиришкендей, иш-чара 29-апрелде борбордук Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Анда маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти, ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы болот. Эске салсак, быйыл ордо калаанын түптөлгөнүнө 148 жыл болду.







