Улуттук филармония карантинге жабылды

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды. Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастады. Ага ылайык, пландалган бардык иш-чаралар токтотулду.   Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын… Кененирээк…

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Темирлан Сманбеков Баткен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору кызматына бекитилди. Ал эми Жолдошбек Аманкулов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка”  театрдын директорунун орун басары Елена Смирнова билдирди.   Анын айтымында, мындай чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилди.  Спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки… Кененирээк…

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Мэриянын маалыматына ылайык, айкелдин бийиктиги 3 метрге жетет. Ал Маданият министрлигинин алдында, Чүй проспектинин Эркиндик гүлбагынын кесилишинен алыс эмес жерде орнотулат.   Учурда долбоор Бишкек башкы архитектура менен макулдашуудан өтүп жатат.

Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда

Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, имараттын терезелери алмаштырылып, жаңы жылытуучу система орнотулуп жатат. Кайра калыбына келтирүү иштери өткөн жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын соңунда аягына чыгат.   Кыргыз драмтеатрын оңдоого республикалык бюджеттен  84,5 миллион сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда. Сунушту Маданият, маалымат жана туризм министрлиги демилгеледи. Ага ылайык, музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому иштелип жатат.   Бул максатта каражат министрликтин 2019-жыл ичинде үнөмдөгөн акчасынын эсебинен алынат. Өлкөдө 116 музей бар. Анын 28и гана… Кененирээк…

Ош шаарында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт

Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жапар Осмонов билдирди. Анын айтымында, аталган топ алгачкы ирет түзүлүп жатат. Ага калаа бюджетинен 1 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле маданият кызматкерлеринин айлык маселеси учурда чечилди, — деди Осмонов.

Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт

Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, мамлекеттин немис компаниясынын алдында карызы бар.   Сумма 25 миң еврону түзөт. Ведомство бардык суроолорду жыл башында чечүү ниетинде. Эске салсак, музей 2016-жылы калыбына келтирилип баштаган. Андан бери анын ачылышы бир канча… Кененирээк…