Бишкекте Иран искусствосунун күндөрү өтөт

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде 13-16-март күндөрү Иран искусствосунун күндөрү өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, иш-чара Иран маданияты күндөрүнүн алкагында аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.

Көргөзмөдө каллиграфия, миниатюра, торевтика, маркетри жана эмалга сүрөт тартуу чеберчилиги менен таанышууга болот.

Анда ошондой эле искусствонун бул түрлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Каалоочуларга жыгач оюу, металлга сүрөт чегүү, эмалга сүрөт тартуу, живопись, миниатюра жана каллиграфия боюнча искусство чеберлери сабак өтүшөт.

Көргөзмө 13-мартта башталат. Кирүү акысыз.