Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата желектин узундугу 33 метрди түзөт.