Кыргызстанда 69 музей бар

Кыргызстанда 69 музей бар.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аларда жалпысынан 335 миң көргөзмө экспонат жайгашкан. Өткөн жылы музейлерге 952 миң адам кирди.   Бул 2022-жылга салыштырмалуу, 17 пайызга көп. Экспонаттар эң көп Бишкек, Ысык-Көл жана Оштун музейлеринде сакталат. Белгилеп кетсек, дүйнө жүзүндө 18-майда… Кененирээк…

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

Бишкекте 15-16-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Эки күнгө созулган кино күндөрүндө көрүүчүлөргө өзбек тасмалары «Россия» кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.   Программасы: — 15-май, саат 18:30 — «Абдулла Орипов» (реж. М.Эркинов); — 16-май, саат 16:30 —… Кененирээк…

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордон билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген көргөзмө 16-18-майда Улуттук тарых музейинде болот.   Иш-чарага чет элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусу да күтүлүүдө.

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бишкектеги №27 орто мектепте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды. Музейди, согуш даңк залын уюштурууга жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга муниципалдык администрация тарабынан акча бөлүнгөн. Музейди уюштурууда жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо башкы максат экени белгиленди.

Бишкек шаарына 146 жыл. Ордо калаада майрамдык иш-чара өттү

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Бишкек баатырдын эстелигининин алдында өттү.   Иш-чарада калаа башчы Айбек Жунушалиев чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктады.   Мэр белгилегендей, жаңы объектилердин, жолдордун саны гана эмес, шаардын бюджети да көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджет… Кененирээк…

Балыкчыда арт-галерея пайда болот

Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүндө арт-галерея куруу пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эскиздик долбоор шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Ага ылайык, арт-галерея жеңил конструкциядан туруп, эки кабаттуу болот.

Каныбек Иманалиев Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Мындай чечим 22-апрелде Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайында кабыл алынды.   Төрагалыкка төрт адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар: — КР Эл акыны Жедигер Саалаев; — КР Эл акыны Кожогелди Кулуев; — акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев;… Кененирээк…

Өзгөн шаарындагы сейил бак реконструкцияланат

Өзгөн шаарындагы «Достук» сейил багын реконструкциялоого эскиздик долбоор даярдалды. Мамкурулуштан билдиришкендей, долбоор Өзгөн шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Шаардын Манас көчөсүндөгү паркты реконструкциялоонун долбоору мэрия тарабынан жактырылып, учурда сметасын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Астанада Айкөл Манастын айкели ачылды

Президенти Садыр Жапаров 19-апрелде, Астана шаарында Казакстанга расмий сапарынын алкагында Айкөл Манас айкелинин ачылыш аземине катышты. Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин бийиктиги 10 метр, постаменти граниттен, ал эми скульптура колодон жасалган.   Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Айкөл Манастын… Кененирээк…

«Манас» театрынын жаңы корпусунун имараты ачылды

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы корпусунун имараты ачылды. Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн.   Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.   Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу… Кененирээк…