Кыргызстанда музыкалык мектеп оңдоодон өткөрүлөт

Кыргызстанда жакынкы эки-үч жылда 70 музыкалык мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Ал белгилегендей, мектептерди оңдоп-түзөө калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.