Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Быйыл түштүк калаага 3021 жыл толду. Бүгүн Оштогу бардык муниципалдык мекеме, ишканалар параддан өтүп жатат. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү кечинде дагы уланат. Иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталат. Андан тышкары, шаардын көчөлөрү дагы… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилеп жатат

Бүгүн Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Биздин өлкөдө мугалим кесиби салтка айлангандай аялдардыкы деп эсептелет. Мектептерде педагогдордун жалпы санынын 84 пайызын аялдар ээлейт. Алардын 28 пайызы мектеп директорлору жана алардын  орун басарлары. Мындай маалыматы улуттук статистика комитети берди. Учурда Кыргызстанда 4 миңден ашык билим… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленет

Быйыл Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленет. Калаанын маданият башкармалыгынан билдиришкендей, бул ирет театрлаштырылган программа, жарманке уюштурулбайт. Анын ордуна шаардагы бардык муниципалдык мекеме, ишканалар параддан өтөт. Жөө жүрүш эртен мененки саат 9:30 башталып концерттик программа менен коштолот. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү кечинде дагы уланат. Иш-чара фейерверк… Кененирээк…

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы башталды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият  министрлигинен билдиришти. Эски аянтка уюштурулган иш-чара «Кыргызстан — менин мекеним!» деп аталып, ага өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү катышат. Өнөрпоздор өз талантын тартуулап, майрамдык параддан өтүшөт. Ошондой эле көргөзмө, жарманке дагы уюштурулат. Эски… Кененирээк…

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы масштабдуу деңгээлде белгиленет

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы масштабдуу деңгээлде белгиленет. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, майрамды белгилөө планына 100дөн ашык иш-чара камтылды. Алар Бишкекте жана аймактарда өткөрүлөт. Алсак, театрлаштырылган оюн-зоок, ири жарманкелер жана спорттук мелдештер уюштурулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чаранын… Кененирээк…

Бишкекте 9-май күнү «Жеңиш» аталышындагы автожүрүш өттү

Бишкекте 9-май күнү «Жеңиш» аталышындагы автожүрүш болду. Бул иш-чара коронавирустан улам токтотулган «Өлбөс полк» жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы болуп калды. Себеби жарандар өз унааларынын ичинде болушту. 100гө чукул автоунаа шаардын чок ортосунан баштап Чоң-Арык айылына чейин барышты. Коронавирустан улам «Өлбөс полкко» тыюу салынганына карабастан жүрүш баары… Кененирээк…

Бүгүн биздин ордо калаа Бишкек 143-туулган күнүн белгилеп жатат

Бүгүн биздин ордо калаа Бишкек 143-туулган күнүн белгилеп жатат. 29-апрелде майрамдоо токтомун шаардык кеңеш кабыл алган. 1878-жылы дал ушул күнү Семиреческ облусунун аскердик губернатору Герасим Колпаковский Токмок уездинин борборун Пишпекке которуу буйругун берген. Бир убакта отурукташуу менен Пишпек шаар статусун алган. Андан улам, дал ушул… Кененирээк…

Ошто Нооруз майрамы белгиленет

Ошто Нооруз майрамы белгиленет. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, иш-чара саат 10до борбордук аянтта башталат. Салтанатты концерттик программа жана театрлаштырылган оюн-зоок коштойт. Андан тышкары, улуттук спорттун түрлөрү боюнча сынактар жана таймаштар уюштурулат. Кошумчаласак, 21-март, Нооруз майрамына карата иш-чара ошондой эле Жалал-Абад шаарында дагы белгиленет, бирок Бишкекте… Кененирээк…

Бишкекте Ноорузга карата иш-чаралар өткөрүлбөйт

Бишкекте Ноорузга карата иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан тастыкташты. Маалыматка караганда, майрамдык салтанаттын өткөрүлбөй турганы европа өлкөлөрүндө катталган вирустун жаңы штаммына жана коңшу мамлекеттерде күчөтүлүп жаткан карантиндик чектөөлөргө байланыштуу. Андыктан, ордо калаа аймагында ковиддин жайылышын алдын алуу максатында массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет. Мэриядан билдиришкендей, аянтка боз үй тигилип, алты бакан селкинчек орнотулат. Иш-чара саат 10до башталат. Салтанаттын жүрүшүндө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү майрам менен куттуктайт. Андан кийин концерттик программа коштолот. Иш-чарада кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси да уюштурулат