Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу.   Андан тышкары, Чүй облусунун райондук жана облустук соттору  дагы иштебейт. Адилет органдары бир жумалык карантинге чыгууда. Бирок сот имараттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.

Кыргызстандагы сот органдары кадимки режимде иштей берет

Кыргызстандагы сот органдары кадимки режимде иштей берет. Жогорку соттон билдиришкендей, залдар байма-бай дезинфекцияланып жатат. Коронавирусту алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер соттордун ишине тоскоолдук жараткан жок.   Бирок,  процесстерге жактоочулар, жооптуу тараптар, жабыркагандар жана мамлекеттик күнөө коюучулар гана киргизилмей болду.

Үч судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова, Ош шаардык сотунун судьясы Адинахан Кадырова жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Сергей Кузьменко өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка 6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, бүгүн, 14-январда, УКМКнын тергөө абагында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соттун көчмө жыйыны болду.   “Биз сотко Жазык-процессуалдык кодексинин беренелерине ылайык, ишмердүүлүгүн… Кененирээк…

Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду

Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Чүй облустук милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койду.   Эске салсак, былтыр 28-августта Жал кичи районунда мушташта эки адам мыкаачылык менен катуу сабалган. Аларды сабаганы айтылган… Кененирээк…

Бишкектин экс-мэрлерине карата сот өкүмү чыкты

Бишкектин экс-мэрлерине карата сот өкүмү чыкты. Ленин райондук соту мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, сот залынан бошотту.   Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Эске салсак, Албек Ибраимов “Коррупцияга” айыпталып кармалган.  Мурдагы мэр «Дастан» ишканасынын айланасындагы мыйзамсыз иштер,  пансионаттын… Кененирээк…

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2 ай камакта болот

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2 ай камакта болот. Өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды. Буга чейин экс-депутаттын ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак бергенден кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандык уюштуруу” беренелери  боюнча кармалганы маалымдалган.   Равшан Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болгон. Кой-Таш окуясында мурдагы… Кененирээк…

Сот үч медианын эсебин камактан чыгарды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырды.   — Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп… Кененирээк…

Бишкекте газ баллон жарылган тез тамактануу жайын иштеткен адам кайрадан камакка алынды

Бишкекте газ баллон жарылган тез тамактануу жайын иштеткен адам кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, 8-ноябрда Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан  тез тамактануучу жайынан өрт чыккан.   Кырсыктан 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган. Тамактануу… Кененирээк…