Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында, бүгүн, 14-январда, УКМКнын тергөө абагында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соттун көчмө жыйыны болду.
“Биз сотко Жазык-процессуалдык кодексинин беренелерине ылайык, ишмердүүлүгүн токтоткон президенттин кармалышы мүмкүн эместигин белгиледик. Мындан сырткары, Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес экенин эскертип, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурандык”, — деди Жоошев.
Натыйжада сот мурдагы президенттин абактагы мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин чыгарган.
Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын 8-августунда күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, УКМКга алып келинген.