Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2 ай камакта болот. Өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды. Буга чейин экс-депутаттын ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак бергенден кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандык уюштуруу” беренелери боюнча кармалганы маалымдалган.
Равшан Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болгон. Кой-Таш окуясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарабында болгону айтылып келет.