Бишкектин “Тунгуч” кичи районундагы №73 мектепке жаңы корпус курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болду.
Тендерди капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 3 кабаттуу корпусту курууга 218 миллион сомдон ашык жумшалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Эске салсак, буга чейин ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жаңы окуу жылына чейин 16 мектеп курулат деп билдирген.