Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт

Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт.

Мамлекеттик салык кызматы документти мөөнөтүнөн калбай толтурууну эскертет.

Эске салсак, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери, юридикалык жакты түзбөй иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар декларация тапшырууга милдеттүү.

Кошумчаласак, бүгүнкү күнгө 130 миңден ашык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.