Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар

Россиянын ири электр компаниясы Кыргызстандагы эки долбоорго кызыкдар. Бул тууралуу “Интер РАО” энергетикалык компаниясынын төрөгасы Дмитрий Волков билдирди. Кеп, “Камбар-Ата ГЭС-2” долбоорун ишке ашыруу тууралуу болуп жатат.

 

Ошондой эле “Үч-Коргон ГЭСин карап жатабыз. Бардыгы кыргыз тараптын позициясынан көз каранды”, — деди Волков. Белгилеп кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы “Камбар-Ата ГЭС-2” гидроагрегаты үчүн 110 миллион доллар бөлөт. Долбоор 2023-жылы ишке ашышы күтүлүүдө.